Трамп 8-августка чейин Украинада тынчтык келишими түзүлгөнүн каалайт
АКШнын БУУдагы туруктуу өкүлчүлүгүнүн орун басары Жон Келли Орусия менен Украина 8-августка чейин тынчтык келишимине жетишүүсү керектигин билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Келли президент Дональд Трамп 8-августка чейин бул ишке ашышы керектигин так көрсөттү деп айтты. Ал кошумчалагандай, АКШ тынчтыкты камсыздоо үчүн кошумча чараларды көрүүгө даяр.
Буга чейин Трамп Орусия менен Украина ортосундагы келишимге жетүү үчүн 50 күн мөөнөт берерин, ал мөөнөттөн кийин Москва менен анын соода өнөктөштөрүнө толук бажы төлөмдөрү киргизиле турганын айткан. Ал эми дүйшөмбү күнү Трамп Орусияга жана сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүнө нааразы экенин билдирип, мөөнөттү 10-12 күнгө кыскарткан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.