Бишкек мэриясы мектеп окуучуларынын ата-энелерине кайрылуу жасады
Ар бир ата-эне (баланын мыйзамдуу өкүлү) электрондук кезекке www.1mektep.edu.gov.kg сайты аркылуу же Tunduk платформасы аркылуу жеке онлайн кабинети аркылуу катталышы керек. Бул тууралуу бүгүн, 1-августта калаа мэриясынан билдиришти.
Мэрия ата-энелер белгиленген тартипти, анын ичинде акча каражаттарын которуу же жеке макулдашуулар аркылуу аракеттер натыйжа алып келбей турганын жана мындай учурда юридикалык жоопкерчиликке тарыла турганын эскертти. Бардык кабыл алуу боюнча арыздар расмий каналдар аркылуу гана каралат. Мурдагы же азыркы кызматкердин каттоонун жол-жобосуна же натыйжасына таасир этүүгө мүмкүнчүлүгү жок.
"Урматтуу ата-энелер, электрондук каттоодон өтүүдө коррупциялык кырдаалдарга жол бербөөнү суранабыз",- деп айтылат маалыматта.
