"Суунун үстүнө куруп алгандарга, эч кандай компенсация каралбайт". Оштун мэри кезектеги рейдде (видео)





Бүгүн, 1-августта Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев шаар аймагындагы Кызыл-Кыштак аймактык башкармалыгын аралап өткөн Жөө бас каналынын корук аймагын бошотуу иштеринин жүрүшүн текшерди.
Калаа башчысы жумуш начар жана жай жүрүп жатканын айтып, тездетип канал жээгин ачуу иштерин алып барууну тапшырды. Бул арада каналдын үстүнө курулуш куруп алгандарга эч кандай компенсация болбостунгун билдирип, жетекчилерди зекиди.
"Бул жерге эч кандай компенсация төлөштүн кереги жок. Союз мезгилинде ушул жерге чейин курган да, кийин кошуп алган. Каналдын корук аймагында курулушу турса, кантип компенсация төлөйсүң? Буларга мыйзам чегинде кантип үй беребиз? Бузуп алгыла, арыктарды казышыбыз керек. Суу үстүнө көпүрө кылып үй салып алышыптыр. Суунун тереңдиги жок дегенде 1,5 метрге чейин болуш керек. Эртең суу көбөйсө батпай, сел болот",- деди мэр.
Оштун мэри рейдде
