Apple компаниясы 3 миллиард iPhone cатканын маалымдады
Apple компаниясы быйыл апрель-июнь айлары боюнча отчётун жарыялады. Бул тууралуу MacRumors порталы билдирди.
Apple башкы директору Тим Куктун айтымында, бул квартал мурдагыга салыштырмалуу жогору болгон. Компаниянын кирешеси өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 10 пайызга өсүп, 90 миллиард долларга жеткен, ал эми акцияга болгон таза киреше 12 пайызга көбөйгөн.
iPhone сатуусу 13 пайызга өсүп, 44,6 миллиард долларга, Mac компьютерлери 15 пайызга көбөйүп, 8 миллиард долларга жеткен. Ал эми кызматтардан түшкөн киреше тагыраагы, жазылуулар, булуттуу чечимдер жана App Store 13 пайызга өсүп, 27,4 миллиард долларды түзгөн.
Ошондой эле Apple компаниясы бул кварталда 3 миллиардынчы iPhone’ду сатканын жарыялады. Тим Куктун айтымында, бул жетишкендик iPhone 16га болгон жогорку суроо-талап менен байланыштуу, анткени жаңы моделдин сатуусу мурдагы моделдерге караганда кыйла ылдам жүргөн.
Мындан тышкары, Apple жетекчилиги Siri үн жардамчысын өнүктүрүү боюнча пландары менен бөлүштү. Кук жасалма интеллектке негизделген жаңы функцияларды интеграциялоого жана жардамчыны жеке пайдаланууга ыңгайлаштырууга олуттуу инвестициялар салына турганын ырастады.
Компания сентябрь айында iPhone 17нин бет ачарын өткөрүү үчүн салттуу жылдык презентациясын өткөрөт.
