Орусияда мигранттардын балдарына мектепте бекер окууга тыюу салынышы мүмкүн
Орусияда мигранттардын балдарына мектепте акысыз окууга тыюу салуу боюнча мыйзам долбоору Мамдумага сунушталат. Бул тууралуу орус басылмалары жазышты.
Мамлекеттик Думанын эмгек боюнча комитетинин төрагасы Ярослав Нилов жакын арада мигранттардын балдары үчүн мектепте акысыз билим алууга тыюу салуу тууралуу мыйзам долбоору сунушталарын билдирди.
Анын айтымында, бул документ чет өлкөлүк жарандардын балдары жаш курагына же классына карабастан мектепте акча төлөп окушу керек деген жобону камтыйт. Мындан тышкары, долбоор мигранттардын балдары үчүн орус тили боюнча тестти тапшырууга 3 гана жолу уруксат берүү сунушун киргизет.
Белгилей кетсек, 2024-жылдын сентябрында депутаттардын көп фракциялуу тобу ушундай эле мыйзам долбоорун сунуштап, бирок ал быйыл июль айында биринчи окууда четке кагылган. Эми депутаттар кайра иштелип чыккан мыйзам долбоорун кайра сунуштоого даярданып жатышканы айтылды.
