"Сен айылда десең, айылда жашайбыз". Кыргыз жигитине турмушка чыккан Моника
"Сүйүү жашка, улутка карабайт" деген сөз бар эмеспи... Бүгүнкү каармандарыбыз кыргыз жигити Кумар Бек Мати жана келинчеги Моника Рудзките. Алар 27 жана 26 жашта. Жубайлар ата-энесинин каршылыгын жеңип, үй-бүлө болуп түтүн булатканына 3 жыл болуптур. Учурда алар эки наристенин – бир кыз, бир уулдун ата-энелери. Алардын аты – Сальма жана Асман. Бул макалада социалдык тармактарда элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болуп жаткан жубайларды жакындан тааныштырабыз.
Кумар Бек Жалал-Абад облусунан болот. Бирок Бишкекте чоңоюп өскөн. Окууну аяктап, Кытайга университетке тапшырган.
Мониканын атасы литва, апасы татар улутунан. Моника Бишкекте чоңойгон, бирок окууну бүткөндө үй-бүлөсү Литвага көчүп кеткен. Ал эми Моника Кытай өлкөсүнө окууга тапшырган.
Моника менен Кумар Бек Кытайда студенттердин жатаканасынан таанышкан. Алар 5 жыл кыз-жигит болуп сүйлөшкөн.
Кумар Бектин айтуусунда, башында үйлөнөм деп айтканда ата-энеси абдан каршы чыккан. Моника тараптан да баары каршы болгон. Сүйүшкөндөр ата-энесине макул болгонго чейин Кытайдан келбей жүрө беришкен. Ата-энелер акырындык менен көнүп, баланын апасы “келинди алып келе бер, биз макулбуз” деген.
Мониканын айтымында, ага кыргыз үй-бүлөсүнө көнүп кетүү кыйынчылык жараткан эмес. Ал өзү абдан шайыр, бат баарына көнүп кеткен жана конокторду жакшы көргөн келин.
“Тандаган жарыңдын каада-салттарын сыйлап, кабыл алып, үйрөнүп кетүү – бул сенин милдетиң. Мага оор болгон эмес, кайненем абдан түшүнүктүү аял, баарын үйрөтүп, көрсөтүп, колдогон. Ал эми жолдошум колдоо берип турат”,-деди ал.
Ошондой эле үй-бүлөнүн келинге жалгыз талабы кайын журттун алдында жабык кийинүү болгон.
“Жолдошумдун үй-бүлөсү каада-салттарды карманган үй-бүлө болгондуктан, эң биринчи талабы жабык кийинип жүрүү болгон. Ал эми жоолукту болсо көп туугандар келгенде салынып жүрөм, кайненем, кайнатамдардын жанында жоолуксуз жүргөнгө уруксат берген”, - дейт ал.
Кумар Бек Моника жаңы келин болгондо ичеги-карын жуугандагы реакциясын көргөн туугандары күлгөнүн айтып, 3 жыл аз убакыт, Моника дагы деле жаңы келин экенин кошумчалады.
Социалдык тармактарда Моника баракчасын активдүү жүргүзөт. Анда ал келиндик жашоосун көрсөтүп келет. Кыргызстандыктар, жалпы эле катталуучулары келинди мактап, "тың келин", "биздин орус келинибиз" деп жагымдуу пикирлерин калтырышат.
Моника жана анын жолдошу Кумар Бек аларга окшоп башка улуттан үйлөнгөндөргө кеңештерин берип, эң башкысы сүйүү экенин баса белгилешти.
Интервьюнун толук форматын видеодон көрө аласыздар.
