МИК акыркы учурда тарап жаткан жалган маалыматтар тууралуу билдирүү таратты
Мамлекеттик ипотекалык компаниясы (МИК) акыркы учурда тарап жаткан жалган маалыматтар тууралуу билдирүү таратты. Билдирүү мекеменин социалдык тармактагы баракчасында жарыяланды.
Интернет желелеринде "МИК онлайн каттоодон өткөндөргө акция уюштурду. Буга чейин Элдик банк аркылуу эсеп ачуу 35 000 сом болсо, азыр акция менен 20 000 сом болуп жатат" деген маалыматтар тараган.
МИК жарыялаган билдирүүгө ылайык, мекеме жана Элдик банк эч кандай акция өткөргөн эмес. Жеке кабинет ачып, МИКтен макулдук алгандан кийин гана Элдик банкка барып, эсеп ачылат. Эсеп ачууга эч кандай каражат алынбайт, бекер ачылат. Эсеп ачылгандан соң 10 000 сом гана төлөнөт.
Мамлекеттик ипотекалык компания жарандарды жалган маалыматтарга алданбоого чакырат.
МИК
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.