Аялдар канткенде оргазмга жете алат?
"Супер-Инфо" гезитибизде жарыяланган макаланы сунуштайбыз.
Төшөк оюнунда кумардын туу чокусуна баары эле жете бербейт. Айрыкча бул айымдарга көбүрөөк таандык. Бирок ар бир маселенин чечүү жолдору бар. Алар боюнча төмөндө сөз кылабыз.
ОРГАЗМДЫН ТҮРЛӨРҮ
Аялдардын оргазмы клитордук, жыныс кындык (вагиналдык) жана жатындык деп бөлүнөт.
Клитордук оргазм. Өзү айтып тургандай, клитордун (жыныс тилчеси) түздөн-түз катышы менен ишке ашат. Мындай оргазмга жетүү айымга табият тарабынан тартууланган жана мастурбация жолу менен да максатка жетүүгө болот. Мастурбациялык жол менен клитордук оргазм алууга көнүп калуудан баш тартса болот. Көбүнчө өспүрүм кыздар секске чейин клиторун мастурбациялоо менен канааттанышат эмеспи. Буга көнүп калгандар кийин турмушка чыкканда жыныстык катнаштан оргазм ала албай кыйналышы да мүмкүн.
Жыныс кыны аркылуу айымдардын көпчүлүк пайызы оргазм ала алышат. Эрогендик чекиттер жыныс кынынын капталында жайгашкандыктан, эркектин ролу чоңураак. Анткени эркек шамдагай кыймылдап, жакшылап ыйкай алса, айым оргазмга жете алат. Айрыкча эркек артынан ыкмасын колдонгондо эрогендик чекиттерге көбүрөөк таасир тиет да, айымды рахатка батырат.
Бирок кээ бир айымдар жыныс кынды башкы эрогендик чекиттер жайгашкан жер деп жаңылыш эсептешет. Себеби кээ бирлердин жыныс кынынын сезимталдуулугу начар. Бул кээ бир айымдарда тубаса болсо, кээ бирлеринде ар кандай жугуштуу оорулардан улам сезимталдыктын азаюусунан болот. Мындай айымдардын эрогендик чекиттери жыныс тилчесинде көбүрөөк жайгашкан. Айым тартынбастан эле шеригине клиторун укалатып, анан жыныстык катнашка баруусун сунуштоосу керек. Эркектин клиторду 5-10 мүнөт укалап, анан жыныстык катнашка баруусу айымды 100 пайыз оргазмга жеткирет. Ошондой эле жыныс кыны аркылуу оргазм ала албаган айымдарга чабандес (айым үстүндө) ыкмасы сунушталат.
Оргазмдын жатындык түрү тууралуу кеп кыла турган болсок, көпчүлүк окумуштуулар оргазмдын мындай түрүн жокко чыгарып келишет. Айымдардын мындай оргазмы бар дегенди түшүндүрө кетели. Врачтар аялдын жатынына атайын аппатарат коюп изилдешкенде, кээ бир аялдар жатындык оргазм алары аныкталган. Бул кээ бир аялдардын эрогендик чекити жатын кынынын эң тереңинде жайгашкандыгы менен түшүндүрүлөт.
Мындай оргазмга жетүү үчүн аял жамбашынын алдына жаздык коюп алуусу, ошондой эле бутун эркектин ийинине асып алуусу керек.
ЖАЛГАН ОРГАЗМ
Көбүнчө айымдар оргазмга жетпей калганын жашырышат. Бир тобу оргазмга жеткендей түр көрсөтүп (имитациялап) коюшат. Бул бара-бара адатка да айланып кетет. Айрыкча бул көрүнүш азиат улутундагы айымдардын арасында көп кездешери талашсыз.
Оргазмга жетпей калуунун бирден-бир себеби – тартынчаактык. Төшөктө ар бир айым өзүн эркин сезүүсү зарыл. Секс маалында төшөк кумарынан башка ойго алаксыбоо сунушталат. Мисалы, “ий, баламдын кири жуулбай калды...”, “жолдошумдун ойнош күтүүсүн кечирбейм...” деген ойлор.
Айым өз денесин өзү изилдеп чыгуусу керек. Башкача айтканда, эрогендик чекиттери кайсы жерде экенин билиши зарыл. Айым дене кемчиликтерине көңүл бурбашы керек. Себеби көпчүлүк айымдар секс маалында ашыкча салмагын же болбосо кичинекей эмчектерин ойлоп, оргазм ала албай калышат.
Маал-маалы менен гинекологго көрүнүп турууну да адатка айландыруу сунушталат. Кандайдыр бир илдетке чалдыгуу организмдин сезимталдуулугун начарлатып, оргазм алууга бөгөт болот. Мисалы, цистит илдетине чалдыккан айымдар да оңой менен оргазмга жете алышпайт. Оргазм албай жүрө берген айымдар убакыттын өтүшү менен өзүнүн сексуалдуулугун жоготуп, кийинчерээк төшөк оюндарына табити тартпай калышы да мүмкүн. Мындай учурда айымдардын дарегине мырзалар жактан “дөңгөчтөй болуп жата бересиңби?!” деген нааразычылыктар айтылат эмеспи.
