АКШда 4 жүргүнчү учак өндүрүүчү компанияны сотко берди
АКШда өткөн жылы асманда учуп баратып корпусунун бир бөлүгү үзүлүп кеткен учактагы 171 жүргүнчүнүн ичинен төртөө "жеке, туруктуу жана материалдык жактан жабыр тарттык" деген жүйө менен учак өндүрүүчүсү Boeing компаниясын сотко беришти. Бул тууралуу ABC News агенттиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, 1282-номерлүү каттам учуп бара жатканда учактын сол жагындагы ортодогу чыгуучу эшигинин жабуусу жарылып кеткен. Жабыр тарткан төрт жүргүнчү ар бири өз алдынча сотко кайрылышкан.
Арыз кагаздарында бул жүргүнчүлөрдүн физикалык жана психологиялык жактан жабыркаганы, ошондой эле материалдык зыян тартканы белгиленген.
Бул иш боюнча Вашингтон штатынын Сиэтл шаарындагы сотто териштирүү башталган. Ал эми Boeing компаниясы азырынча бул боюнча эч кандай расмий билдирүү тарата элек.
Маалымат үчүн: 2024-жылдын 5-январында АКШдагы Alaska Airlines авиакомпаниясына таандык Boeing 737 MAX 9 үлгүсүндөгү жүргүнчү учагы асманда учуп баратып корпусунан бир бөлүгү үзүлүп кеткендиктен, борттогу 171 жүргүнчү жана 6 борт кызматкери менен чукул түрдө конууга аргасыз болгон.
Окуядан кийин авиакомпания коопсуздукту текшерүү үчүн 737 MAX 9 үлгүсүндөгү 65 учагын убактылуу пайдаланууга токтотконун билдирген. Ошондой эле АКШнын авиация башкармалыгы (FAA) да бул үлгүдөгү учактардын учушун убактылуу токтотуу чечимин кабыл алган.
