Пакистанда мурдагы өкмөт башчынын 200гө жакын тарапкери абакка кесилди
Кечээ, 31-июлда Пакистандын Фейсалабад шаарындагы сот 2023-жылы болгон баш аламандыктарга катышкан деп айыпталган мурдагы премьер-министр Имран Хандын дээрлик 200 тарапкерин абакка кести. Бул тууралуу Associated Press агенттиги маалымдады.
Чыгыш Пакистандын Пенжаб провинциясында жайгашкан шаардык сот 196 адамга өкүм чыгарган. Алардын арасында оппозициянын лидери Омар Аюб дагы бар. Ал жана 57 адам 10 жылга эркинен ажыратылды. Калган айыпталуучулар 1 жылдан 3 жылга чейин түрмөгө кесилди.
Имран Хан Пакистанда 2018-жылдан 2022-жылга чейин премьер-министр болгон. 2023-жылдан бери түрмөдө отурат жана анын үстүнөн ар кандай кылмыш иштеринин негизинде бир нече жолу сот өкүмү чыккан.
Имран Хандын камакка алынышы 2023-жылдын март айында өлкө боюнча массалык нааразычылык акцияларын жараткан. Жаңы чыккан өкүм боюнча айыпталган адамдардын арасында Имран Хандын "Техрик-и-Инсаф" партиясынын кеминде алты улуттук ассамблея мүчөсү жана бир сенатор болгон.
Коргоочу адвокат Чангаиз Какардын айтымында, алар аскерлерге, өкмөттүк имараттарга жана транспорт каражаттарына кол салууга катышкан деп айыпталышкан. Адвокат билдиргендей, соттолгондордун бардыгы өкүмгө апелляциялык арыз беришет.
