super.kg logo

Египетте концерт учурунда адамдар жаракат алышты

 

Египеттин белгилүү ырчысы Мохамед Рамадандын концертинде пиротехника жарылып, бир адам каза болуп, кеминде алты жаран жаракат алды. Бул туурасында дүйнөлүк маалымат агенттиктери жазышты.

Маалым болгондой, окуя Египеттин түндүк жээгиндеги Эль-Аламейн шаарында жайгашкан "Порто Гольф" курорттук комплексинде болгон.

Ал жерде белгилүү ырчы Мохамед Рамадандын концерти өтүп жаткан. Бул учурда жарылуу катталып, бир адам каза болуп, алтоо жаран жараат алышкан.

Бул фейерверк системасына туташтырылган аба түтүгүнүн жарылышынан улам болгону белгиленет.

Sada Elbalad басылмасынын маалыматына караганда, жабыркагандардын бардыгына керектүү медициналык жардамдар көрсөтүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: