Адылбек Касымалиев “Рух Санат” музыка фестивалынын ачылышына катышты








Бүгүн, 1-августта Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев “Рух Санат” дүйнөлүк салттуу маданият жана музыка фестивалынын ачылыш аземине катышты.
Өкмөттөн билдиришкендей, иш-чара Чолпон-Ата шаарында өттү.
Өз сөзүндө өкмөт башчы бул фестивалга катышкан өлкөлөр ортосундагы маданий көпүрөлөрдү бекемдөөчү маанилүү чыгармачыл аянтча болуп каларына ишенерин билдирди.
“Ар бирибиздин каныбызда, уникалдуу жашоо образыбызда, маданиятыбызда, тарыхыбызда номаддар империясынын улуулугу жатат. Баарыбыздын тилибиз, динибиз, кебетебиз ар башка болгону менен, музыкалык тилде котормочу болбойт. Музыка сүйүүчүлөрүнө рахат тартуулап, эң жаркын элестерди калтырса – ошол ыр, ошол күү, ошол музыка – элдикке айланат”, – деди Касымалиев.
Ошондой эле ал кыргыздын жана башка бир катар элдин музыкалык аспаптарынын “Манас” эпосунда кеңири аталышы – бул байыртадан кыргыз эли төгөрөктүн төрт бурчундагы элдер менен карым-катнаш мамиледе болгондугун тастыктай турганын кошумчалады.

