Япония пенсионерлерди телефон шылуундарынан коргоонун айласын тапты
Япониянын Осака шаарында улгайган адамдарга уюлдук телефон аркылуу сүйлөшүп жаткан учурда банкоматты колдонууга тыюу салынды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазышты.
Мындай чара атайын алдамчылыктан келчү зыяндын алдын алуу максатында кабыл алынган.
"Осака префектурасында өлкөдө биринчи жолу уюлдук телефон чалуу учурунда улгайган жарандарга банкоматтарды колдонууга тыюу салган жобо күчүнө кирди", - деп айтылат анда.
Маалыматка ылайык, кабыл алынган токтом банкомат орноткон бардык каржылык мекемелерди алдамчылык тууралуу эскертүүчү плакаттарды көрүнөө жерге жайгаштырууга милдеттендирет.
Мындан тышкары мындай мекемелер камералардын жардамы аркылуу сүйлөп жаткан адамды автоматтык түрдө аныктай алган атайын системаларды орнотушу керек.
