УКМК Ноокендеги айыл өкмөт башчысын кармады
Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Д.Садырбаев айыл өкмөтүнүн башчысы А.Б. коррупциялык схемага аралашууга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМК бүгүн, 2-августта кабарлады.
"22-июлда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Массы айылына болгон иш сапарынын алкагында Д.Садырбаев айыл өкмөтүнүн башчысы А.Бекибаев менен баарлашкан учурда, анын жер тармагындагы коррупциялык иштерге тиешесинин бардыгы боюнча суроо берген. Ал учурда А.Бекибаев: «Менин коррупциялык иштерге тиешем жок» жана мыйзам бузуулар аныкталса, жоопкерчиликти тартууга даярмын» деп жооп берген.
Ал эми текшерүү иш-чараларынын натыйжасында А.Бекибаев Достук айыл өкмөтүндө (2019-2024-жылдары) орун басар, андан кийин айыл өкмөт башчысы болуп иштеп турган учурлардагы көп сандаган коррупциялык фактылар аныкталды", - деп билдирди атайын кызмат.
Өз учурунда А.Бекибаев турак жай боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы болуп туруп, муниципалдык жер тилкелерин өзүнө тиешелүү болгон (аффилирленген) жактарга жасалма аукциондор аркылуу арзандатылган баада сатканы аныкталган. Мисалы:
- Базар баасы боюнча 3,8 миллион сом турган 9620 чарчы метрлик жер тилкеси, аффилирленген жакка 209 700 сомго сатылган;
- Аянты 325 чарчы метр болгон жер тилкеси аффилирленген жакка 171 700 сомго сатылган. Ал эми 2019-жылы ал жердин базардагы баасы 438 миң сомду түзгөн.
Ошондой эле жер боюнча кезек күткөндөрдүн тизмелерин аттап өтүп, бурмалоо жолдору менен жерге муктаж болгон тараптарга жерлерди саткандыгы боюнча, ал үчүн сый акысын алып тургандыгы боюнча дагы бир топ фактылар аныкталды.
Бул фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси «Коррупция» боюнча кылмыш иши козголду. Шектүү А.Бекибаев кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Ошол эле учурда ашкереленген коррупциялык схемаларга тиешеси бар болгон бир катар жогорку кызматтагы адамдар менен А.Бекибаевдин тыгыз мамилелери аныкталып, аларга карата да иликтөө иштери жүрүп жатат.
Эске салсак, буга чейин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Д.Садырбаев айыл өкмөт башчысынан анын ишмердүүлүгүн текшертүүгө уруксат алганы кабарланган.


