Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев алыскы Эңилчек айылына барышты (фото, видео)





Президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-августта Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Кыдыр-Аке айыл аймагында жайгашкан алыскы Эңилчек айылына барды. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
Айтымында, Эңилчек айылында бүгүнкү күндө 35 үй-бүлө жашайт. Айыл деңиз деңгээлинен 2500 метр бийиктикте жайгашкан. Ал жакка жол бийиктиги 3800 метр болгон ашуу аркылуу өтөт.
Мамлекет башчысын УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев жана транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев коштоп жүрдү.
"Садыр Жапаров жеринде жергиликтүү тургундар менен баарлашты. Президент алыскы жана жетүүгө кыйын болгон калктуу конуштарды өнүктүрүүгө толук киришүүгө азыр гана мүмкүнчүлүк пайда болгонун белгиледи. Буга байланыштуу ал жергиликтүү тургундар үчүн транспорттук жеткиликтүүлүктү жана жашоо шарттарын жакшыртуу үчүн транспорт министрине айылга алып баруучу сапаттуу унаа жолун куруу иштерин баштоону тапшырды", - деп билдирди ал.
Мындан тышкары жашоочулар балдары бул айылдагы мектепте 9-класска чейин гана окушарын, андан ары орто билимди Каракол шаарында аякташарын белгилешти. Буга байланыштуу Каракол шаарында балдары үчүн турак жай менен камсыз кылуу өтүнүчү айтылды.
Президент алыскы аймактардын жашоочуларынын турак жай маселелерин чечүүдө МИК багыты боюнча колдоо көрсөтүү мүмкүнчүлүгү караларына ишендирди.
02.08.25
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

