Ысык-Көлдө эс алуу жайда чыр чыгарган шектүүлөр кармалышты




Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылында жайгашкан “Акун” эс алуу жайында чыр чыгарууга шектелген жарандар кармалышты. Бул тууралуу облустук милиция билдирди.
Анда айтылгандай, милицияга бүгүн, 3-августта “Акун” эс алуу жайынан 53 жаштагы жаранды балдар сабап салганы боюнча маалымат түшкөн.
Окуя 2-август күнү болжол менен саат 23:00 чамасында эс алуу жайдын аймагында жайгашкан банкеттик залда орун алган.
Тактап айтканда, белгисиз бир нече жаран аталган жайга мыйзамсыз кирип, ал жерде эс алып жаткан “Авангард Строй” ЖЧКсына тиешелүү курулуш фирмасынын кызматкерлерине карата орой жана агрессивдүү аракеттерди жасашып, алардын айрымдарына физикалык күч колдонушкан.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде кылмыш иши козголуп, окуяга тиешеси бар адамдар аныкталды.
Кылмыш иши боюнча "Авангард Строй” ЖЧКсына тиешелүү курулуш фирмасынын директорунун орун басары, 39 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну Б.С мыйзамдуу өкүлү катары табылган.
Кылмышка шектүү катары үч жаран кармалды.
- “Акун” эс алуу жайынын күзөтчү кызматында иштеген, Чолпон-Ата шаарынын 32 жаштагы тургуну К.У.
- “Акун” эс алуу жайынын күзөтчү кызматында иштеген, Кара-Ой айылынын 37 жаштагы тургуну Н.А.
- Чолпон-Ата шаарынын 20 жаштагы тургуну Б.Э. кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Андан сырткары Чолпон-Ата шаарынын 20 жаштагы жана 19 жаштагы тургундары кылмыш ишине тиешеси бар экендиги аныкталып, териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.
Тергөө амалдары жүрүп жатат.
03.08.25




