super.kg logo

"Рух Санат" фестивалы жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи менен жыйынтыкталды (фото)

 
Чолпон-Атадагы "Рух Ордо" маданий борборунда "Рух Санат" фестивалынын жабылуу аземи болуп өттү. Фестивалдын акыркы кечеси Кыргызстандан жана дагы 13 өлкөдөн келген артисттердин катышуусундагы гала-концерт менен коштолду. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.
Салтанаттын кадырлуу коногу Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарова болду. Жабылуу аземинде 14 өлкөдөн келген 82 аткаруучу жана чыгармачыл топ катышкан салттуу музыка боюнча эл аралык конкурстун жеңүүчүлөрү сыйланышты. Эл аралык калыстар тобу байгелүү орундарды ээлегендерге дипломдорду жана акчалай сыйлыктарды тапшырды.
Фестивалда 500 000 сом көлөмүндөгү Гран-принин ээси Кыргызстандын комузчулар ансамбли "Акак" тобу болду. Сыйлыкты Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов тапшырды. Ал өз куттуктоо сөзүндө фестивалдын эл аралык маданий кызматташуунун символу катары маанисин белгиледи.
Кеченин өзгөчө бөлүгү "Аалам ыргагы" аттуу театрлаштырылган пролог болду. Ал үн, обон жана обондун табият менен байланышы тууралуу ой жүгүртүү түрүндө көрсөтүлдү. Жыйынтыктоочу бөлүк катары фестивалдын символу болгон жыгач комуз Жалал-Абад облусуна өткөрүлүп берилди. Символду президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Жетигенов тапшырды.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: