super.kg logo

Өлкөдө санариптик дипломдор пайда болду

 
Агартуу министрлиги "Түндүк" мекемелер аралык электрондук өз-ара аракеттенүү улуттук системине санариптик дипломдорду жайгаштыра баштады. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Маалым болгондой, биринчи этапта системге 2025-жылы берилген дипломдор тууралуу маалыматтар киргизилди. Эми мамлекеттик органдар жана кызыкдар уюмдар жарандардан кагаз түрүндөгү көчүрмөлөрдү берүүнү талап кылбастан, берилген дипломдор тууралуу маалыматтарды электрондук форматта ыкчам жана ыңгайлуу түрдө ала алышат.
Санариптик дипломдорду киргизүү:
* билим тууралуу маалыматтардын аныктыгын жана ачык-айкындыгын камсыз кылууга;
* квалификацияны ырастоо жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүгө;
* кагаз түрүндөгү документ жүгүртүүнү кыскартууга;
* документтерди жасалмалоо тобокелдигин азайтууга мүмкүндүк берет.
"Санариптик дипломдорду киргизүү – билим берүүнүн санариптик инфраструктурасын куруудагы маанилүү кадам. Биз бир кыйла ачык, натыйжалуу жана технологиялык системага карай жылууну уланта беребиз",- деди агартуу министри Кендирбаева.
Долбоор Санариптик өнүктүрүү министрлигинин техникалык колдоосу жана "Түндүк" платформасынын жардамы менен ишке ашырылды.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: