Кара-Балтада дүкөндө эркек киши жубайы менен бир аялды сабап салышты (видео)







Кара-Балта шаарында бир аял өзүнүн таанышы менен дүкөнгө кирип бара жатканда, эркек киши жана анын жубайы тарабынан кордолуп, сабалганын айтып чыкты. Бул окуя тууралуу жабыркаган аял 1-августта социалдык тармактарда баяндап берди.
Анын айтымында, ал таанышы менен чогуу шаардагы мини-маркетке товар алганы кирген. Ошол маалда дүкөндө турган бир эркек аларга асылып, кайсы улуттан экенин сурап, андан соң орой сөздөр менен тилдей баштаган.
"Сен муну менен акча үчүн жүрөсүңбү?" деп сурап, андан ары сөгүнүп-тилдей баштады",- деди жабыркаган аял.
Аял дүкөндөн чыгып бара жаткан учурда, эркектин жубайы аны чачынан тартып жулмалап, сабай баштаган. Эркек да аны бетке чаап, бир нече жолу муштаган.
"Камерадан көрүнүп турат: мен сыртка чыгып бараткам. Ошондо аялы мени чачымдан тартып жулмалап калды. Эркек бетиме чаап, андан соң бир нече жолу муштады. Таанышым мени эптеп сыртка чыгарып кетти",- деди ал.
Аял унаага отуруп, телефонун дүкөндө калтырып койгонун түшүнгөн. Таанышы кайра кирип кеткенде, ошол эле эркек менен анын аялы сыртка чыгып, аялды видеого тартып, кайра кол көтөрүүгө аракет кылган. Аял машинанын эшигин ичинен жаап алган, бирок эркек айнекти уруп, эшикти ачып, анын өз сумкасы менен бетке урган.
"Мен машинадан сыртка чыксам, кайра мага кол салууга аракет кылды. Жол менен качып кетүүгө аргасыз болдум",- деп кошумчалдады жабыркаган кыз.
Эркек аны артынан аңдыган, аны жолдогу башка адамдар кармап калган. Кийин милиция келип, баарын РИИБге алып кеткен. Бирок ал жакта дагы жабыркаган кызды эркек "аялымдын алтын чынжырын уурдагансың" деп айыптап, 30 миң сом талап кылган.
"Эң таң калычтуусу, 50 жаштан ашкан чоң киши мени теңтушундай көрүп, көпчүлүктүн көзүнчө сабап салды. Бул жөн гана орой мамиле эмес, бул – ачык зомбулук",- деп кошумчалады жабырлануучу.
Социалдык тармактарда кызга кол салган адамдар жазага тартылуусун талап кылгандар көбөйүүдө.
04.08.25
04,08,25




