"Биз арызыбызды алган жокпуз". Жакыпова Жан Воиновдун бошотулушу боюнча билдирүү жасады
Бүгүн, 4-августта Жан Воинов катышкан окуяда жабыркаган Алина Жакыпова анын бошотулушу боюнча өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында билдирүү жасады.
Жакыпова жазган арызын албаганын, шектүүлөрдүн бири абакта экенин айтты.
"Окуядан жабыркаган кыздар, тагыраагы, үч кыз 4 адамга (Р., З., Ш., З.) арыз жазганбыз. Бирок Жан Воиновго арызды бизге жардам берүү үчүн келген адам жазган. Окуя учурунда анын манжалары сынган болчу. Биз арызыбызды алган жокпуз, Р. абакта отурат. Ал эми Воиновго карата тосмо арыз жазып, ишти аягына чейин чыгаргысы келбеген таанышыбыз боюнча айта турган болсом, бул менин колумдагы нерсе эмес. Эмне болгонун Кудай гана билет, акчабы, коркутуубу же башка нерсеби, билбейм. Ал менен учурда эч кандай байланыш жок. Биз өзүбүздүн соттук отурумубузду күтүп жатабыз",- деди Алина Жакыпова.
Ал эми Жан Воиновдун бошотулушу боюнча Жакыпова: "Тиешелүү органдарга эч кандай дооматыбыз жок. Таанышыбыз арызын алгандан кийин мыйзам боюнча аны абактан бошотушту. Бизге Жан тийишкен эмес, жөн гана коркуткан. Бул үчүн камашпайт. Ал эми З. жана Ш. бир жерлерде кыдырып эле жүрүшөт. Зарина Алмасованын жоопко тартылбаганын болсо укук коргоо органдарынан сурагыла, бизге ал эки жашы жете элек баланын апасы экенин айтышты",- деп жазды.
Ошондой эле Жакыпова аны колдогон жана жардам берген адамдарга ыраазычылыгын билдирди.
Эске салсак, бүгүн, 4-августта Жан Воинов 30-июлда абактан бошотулганын Биринчи май РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, арыз ээси Ж.Т. аттуу жаран бейбаштык фактысы боюнча тосмо арызы менен кайрылган. Анда ал шектүү Жан Воиновго мындан ары дооматы жок экенин билдирген.
Эске салсак, блогер Алина Жакыпова 30-июнда Sheraton мейманканасында курбулары менен бирге сабалганын билдирген. Жакыпова бул окуя боюнча социалдык тармактарда билдирүү таратып, окуяга бийчи Жан Воинов, анын жубайы Зарина Алмасова жана Заринанын иниси катышканын айткан. Анын айтуусунда, кол салууга башка бир нече эркек киши да катышкан.
Көп өтпөй Бишкектеги Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгы бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) жана 206-беренеси (Тоноо) менен иш козгоп, 1994-жылы туулган А.Р. аттуу шектүүнү кармаган. Соттун чечими менен ал бир айга камакка алынган. Эртеси күнү коомдук ишмер Ассоль Молдокматованын уулу Жан Воинов Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесине (бейбаштык) шектелип кармалып, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Көп өтпөй анын эки жансакчысы да кармалган.




