super.kg logo

Шаардык инспекциянын жаңы мекемелик формасы көрсөтүлдү (фото)

 

Бүгүн, 4-августта муниципалдык инспекциясынын кызматкерлеринин жаңы үлгүдөгү формасы менен саптык тизилүүсү өттү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билидришти.

Иш-чара “Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясынын кызматкерлеринин ведомстволук формасы жана айырмалоочу белгилери жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн алкагында өткөрүлдү.

Борбор калаа башчысы салтанаттуу, жайкы жана күзгү формаларды көрүп, форма кызматкерлердин статусун жана кадыр-баркын жогорулатуу максатында иштелип чыкканын баса белгиледи. Жаңы комплектте кочкул жашыл сызыктары бар кара форма, боз көйнөк жана муниципалдык инспекциянын белгиси түшүрүлгөн фурашка бар.

Мэриядан билдиришкендей, бүгүндөн баштап бардык инспекторлор өздөрүнүн ишмердүүлүгүнүн өзгөчөлүктөрүн чагылдырган жана кызматтын беделин көтөргөн заманбап, ыңгайлуу формада кызмат өтөшөт. Жакында инспекциянын штаттык саны 80ден 105ке чейин көбөйтүлөт. Ошондой эле Кыргызстанда чыгарылган Chevrolet маркасындагы унаалар менен камсыз кылуу пландалууда.

Мындан тышкары, инспекциянын кызматкерлери body-камералары сыяктуу техникалык каражаттар менен жабдылган.

Бүгүнкү күндө муниципалдык инспекция бир катар милдеттерди аткарат: башаламан сооданын алдын алуу, санитардык абалды көзөмөлдөө, мыйзамсыз иштерди аныктоо, таштанды таштоо жана таштандыларды өрттөө менен күрөшүү, ошондой эле фасаддардын, тротуарлардын жана шаарды көрктөндүрүүнүн башка элементтеринин абалын көзөмөлдөө.

Белгилей кетсек, 2025-жылдын 7 айында 19 728 чарба субъект Бишкек шаарынын санитардык абалы жана көрктөндүрүү эрежелеринин сакталышы боюнча текшерүүдөн өткөн. Катталган тартип бузуулар боюнча Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык, жалпы суммасы 53 085 000 сомго 6733 протокол түзүлгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: