super.kg logo

Кадамжайдагы комбинаттан 600 миң долларлык сурьма концентратын уурдагандар кармалышты (видео)

 

Баткен облусундагы "Кадамжай" сурьма комбинатынан 22,5 тоннадан ашык сурьма концентратын мыйзамсыз ташып чыгуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 4-августта УКМКнын маалымат борбору билдирди.

Атайын кызматтын алдын ала эсептөөлөрү боюнча, сурьма өндүрүмүнөн кийинки чийки заттын баасы болжол менен 600 миң долларын түзөт.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 292-беренеси (Сатып өткөрүү максатында күчтүү таасир этүүчү же уулуу заттарды мыйзамсыз жүгүртүү) боюнча кылмыш иши козголду. Натыйжада Д.Д., О.А. жана Б.М. аттуу жарандарынын ортосунда комбинаттын аймагынан сурьма концентратын уурдап, андан ары сатуу аракеттерин көрүү боюнча кылмыштуу бүтүм түзүлгөнү аныкталды.

Тергөө уланууда.






УКМК

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: