Ысык-Көлдө түнкү клубдарда баңгизаттарга каршы алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлдү












Кечээ, 3-августка караган түнү Ысык-Көл районунун аймагындагы түнкү клубдарда баңгизаттарга каршы алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлдү. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, иш-чара облустук милиция менен Нарын облустары боюнча Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлдү.
Текшерүү иштери эс алуу жайларында баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө бөгөт коюу, жаштар арасында алдын алуу иштерин жүргүзүү жана коомдук коопсуздукту камсыздоо негизги максатында өткөрүлдү.
Текшерүүнүн жыйынтыгында:
- Бостери айылындагы түнкү клубдардын биринде эс алуучунун ширеңке кутучасынан баңгизатка окшош зат (ЧАРС) табылып, ал далил зат катары алынган. Аталган жаран – Токмок шаарынын 1993-жылы туулган тургуну М.А. экендиги аныкталды.
- Сары-Ой айылында дагы бир түнкү клубда жүргүзүлгөн иш-чара учурунда дагы бир эс алуучунун жанынан баңгизатка окшош зат (ЧАРС) табылып, ал Бишкек шаарынын 1996-жылы туулган тургуну Т.А. болуп чыккан.
Бул фактылар Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнүн МЭЖне катталып, тиешелүү соттук-химиялык экспертизалар дайындалды. Учурда тергөө амалдары улантылууда.
04.08.25
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:25
2025-08-04
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.