super.kg logo

"УКМК менен байланышы бардыгын айткан". Ири өлчөмдөгү акча талап кылган жаран кармалды (видео)

 

УКМК тарабынан Р.Б. атуу жаран алдамчылык жана ири өлчөмдө акча талап кылуу фактысы боюнча кармалды.

Атайын кызматтын маалымат борборунун айтымында, аталган жаран коркутуп-үркүтүү жана шантаж жолу менен, ошондой эле УКМКнын айрым кызматкерлери менен байланышы бар экендигин айтып, мурда козголгон кылмыш иши боюнча маселени чечип берүүнү убада кылып К.Э. аттуу жарандан акча каражаттарын ээлеп алган. Арыздануучудан маал-маалы менен 2500 доллар өлчөмүндөгү акчаны жана Айфон 16 үлгүсүндөгү жаңы уюлдук телефонун опузалап алган.

Учурда шектүү Р.Б. кармалып, ЖАКтын №1 тергөө камак жайына киргизилди. Тергөө уланууда.






УКМК

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: