Бишкек шаарындагы Көк-Жар конушунда кооптуу окуя орун алды (видео)
Бишкек шаарындагы Көк-Жар конушунда кооптуу окуя орун алды. Социалдык баракчанын колдонуучуларынын бири 31-июлда болжол менен 22:30–23:00 чамасында үйгө кайтып келе жаткан учурда, окуяга туш болгонунун айтып, видео менен бөлүштү.
Анда жумуштан келе жатканда алдынан бир жигит бактардын арасынан чыгып, аны кубалаган. Колунда бычак да бар экендиги айтылып, айланасын карап күлө баштаганы да белгиленген.
"Мен коркуп, артка кылчайсам ал мени карап коркунучтуу, түшүнүксүз үн менен күлө баштады. Андан соң ал айлананы карап, эч ким жок экенине ынанып, кел деди. Колунда бычагы да бар экен. Мен шок абалында кача баштадым. Ал бир бутуна аксап жатканын байкадым. Жардамга чакырып кыйкырдым, бирок көчөдө эч ким болгон жок. Мен кыйкыра бергенде, ал бир аз жайлап, бирок кайра эле баса баштады. Мен үйгө качып кирип баратып, башка өспүрүмдү эскерттим. Мен киргенден кийин аны кубалады. Кийинчерээк ал баланын үйүнө чейин жеткени белгилүү болду. Бул киши кооптуу же психикалык жактан оорулуу болушу мүмкүн. Мүмкүн, аны кимдир бирөө тааныйт?", - деп калтырган интернет колдонучуусу.
Көк-Жардагы окуя
