super.kg logo

Ысык-Көл милициясы славян тектүүлөрдүн мүрзөсүндөгү бузулган эстеликтер боюнча үн катты

 

Бүгүн, 4-август Ысык-Көл районунда жайгашкан славян тектүүлөрдүн мүрзөсүндөгү эстеликтердин бузулушу боюнча облустук милиция үн катты.

Анда айтылгандай, окуя Бактуу-Долоноту айылынын түндүк тарабындагы мүрзө аймагында орун алган. Ал жерде бир нече кайчылаш темир жана жыгач эстеликтер сынып, жулунган абалда табылган.

"Ыкчам иликтөө иштеринин негизинде 2014-жылы туулган Т.А., Т.У., С.А. жана 2015-жылы туулган А.Э. аттуу төрт жашы жете элек бала бул аракетке тиешеси бар экендиги аныкталган. Алар ата-энелеринин коштоосунда РИИБге жеткирилип, түшүндүрмө берилди. Өспүрүмдөр ата-энелеринин катышуусундагы сурак учурунда бул аракеттерди ойноп жасап жиберишкенин билдиришти. Иликтөөнүн жүрүшүндө улуттар аралык кастыкты козутуу же диний жек көрүүчүлүккө байланыштуу кандайдыр бир белгилер аныкталган жок", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: