super.kg logo

Ташиевге жетекчиси "таза" экенин айткан кызматкерлер пара менен кармалышты (видео)

 

Эсептөө палатасынын түштүк бөлүмүнүн кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 5-августта УКМК кабарлады.

Маалыматка ылайык, 700 миң сом өлчөмүндө пара талап кылуу жана алуу фактысы боюнча УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, Эсептөө палатасынын мамлекеттик инспектору Б.М. жана анын ортомчусу Т.М. кармалды. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин (Пара талап кылуу) алкагында кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

"Эсеп палатасынын инспектору Б.М. Тогуз-Торо районунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына текшерүү жүргүзүү учурунда айыл өкмөттөрдүн биринде майда каржылык мыйзам бузууларды аныктап, мыйзам бузууларды жашыруу үчүн башкы эсепчиден 700 миң сом талап кылгандыгы аныкталган",- деп айтылат билдирүүдө.

Маалым болгондой, 9-июлда Ош шаарында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жергиликтүү бийлик башчылары менен жыйын өткөргөн. Анын жүрүшүндө Ташиев Эсеп палатасынын Ош шаары, Жалал-Абад, Баткен жана Ош облустары боюнча аймактык бөлүмүнүн башчысы Азим Кожомуратовдон кол алдындагылардын коррупциялык иштерге катыштыгы бар экендиги тууралуу сураган. Ал инспекторлору "таза" экенин айтып, кызматтан кетүүгө даяр эместигин тастыктап, жооп кайтарган.

УКМК кол алдындагы кызматкери пара алып кармалгандан кийин Кожомуратов өз каалоосу менен кызматтан кетүү боюнча арыз жазганын кошумчалады.






Видео

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: