Sheraton мейманканасында болгон мушташ боюнча экпертизанын жыйынтыгы чыкты
30-июнга караган түнү Sheraton мейманканасында болгон мушташ боюнча соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыктары чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 5-августта SUPER.KG порталына Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы тастыктады.
Маалым болгондой, жабыркагандар ден соолуктун кыска мөөнөттүү бузулушуна алып келбеген жеңил зыян алышкан.
Эске салсак, 4-августта Жан Воинов 30-июлда абактан бошотулганын Биринчи май РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, арыз ээси Ж.Т. аттуу жаран бейбаштык фактысы боюнча тосмо арызы менен кайрылган. Анда ал шектүү Жан Воиновго мындан ары дооматы жок экенин билдирген.
Блогер Алина Жакыпова 30-июнда Sheraton мейманканасында курбулары менен бирге сабалганын билдирген. Жакыпова бул окуя боюнча социалдык тармактарда билдирүү таратып, окуяга бийчи Жан Воинов, анын жубайы Зарина Алмасова жана Заринанын иниси катышканын айткан. Анын айтуусунда, кол салууга башка бир нече эркек киши да катышкан.
Көп өтпөй Бишкектеги Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгы бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) жана 206-беренеси (Тоноо) менен иш козгоп, 1994-жылы туулган А.Р. аттуу шектүүнү кармаган. Соттун чечими менен ал бир айга камакка алынган. Эртеси күнү коомдук ишмер Ассоль Молдокматованын уулу Жан Воинов Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесине (бейбаштык) шектелип кармалып, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Көп өтпөй анын эки жансакчысы да кармалган.




