Токтогулда мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкелери мамлекетке кайтарылды
Токтогулда мыйзамсыз менчиктештирилген социалдык объекттер жана жайыт жерлери мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу бүгүн, 5-августта Башкы прокуратура билдирди.
Маалыматка ылайык, Токтогул районунун прокуратурасы бир катар социалдык объекттер жана жайыт жер мыйзамсыз менчиктештирилгендигин аныктаган.
"Өзгөрүш айылында жайгашкан, баасы 1 миллион 473 миң сомду түзгөн №14 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун 0,4 гектар жер тилкеси жана 22,56 чарчы метр имараты, баасы 500 миң сомду түзгөн Ак-Тектир айылында жайгашкан социалдык маанидеги 15 сотых жер тилке, баасы 1 миллион 358 миң сомду түзгөн Сүйөркулов айыл аймагындагы 20 сотых жайыт жер мыйзамсыз жеке менчикке берилип кеткен",- деп айтылат маалыматта.
Келтирилген прокурордук актылардын негизинде жалпы баасы 3,3 миллион сомду түзгөн мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкелери жана имараттар мамлекеттин эсебине кайтарылды.

