Тоң районунда бала бакчага барган балдардын санын 60 пайызга жеткирүү пландалууда
Бүгүн, 5-августта Ысык-Көл облусунун Тоң районунда балдарды мектепке чейинки билим берүү менен кеңири камтууга арналган жыйын өттү. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.
Иш-чарада 2025-жылдын аягына чейин райондогу балдарды бала бакчага камтуунун деңгээлин 60 пайызга жеткирүү максаты коюлду.
Жолугушууга Агартуу министрлигинин өкүлдөрү, акимдин орун басары Жашымбек кызы Гүлбүбү жана төрт айыл өкмөтүнүн башчылары катышты.
Министрликтин өкүлдөрү балдарды бала бакчага кабыл алуу процесси, анын артыкчылыктары жана бала бакчага барган балдардын сапаттуу билим алуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат беришти.
Өз кезегинде айыл өкмөт башчылары бала бакчалардын жетишсиздигин жоюу, жаңы орундарды түзүү жана инфраструктураны жакшыртуу багытында жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолушту.
Акимдин орун басары Жашымбек кызы Гүлбүбү жыйында сүйлөп жатып, 2025-жылдын соңуна чейин Тоң районунда бала бакчаларга камтуунун деңгээли 60 пайыздан ашарын белгиледи.

