super.kg logo

Ысык-Көлдө көл түбүндөгү коркунучтуу темир конструкция чыгарылды (фото)

 

Ысык-Көл районунун Чок-Тал айылында жайгашкан "Лазурный берег" пансионатынын жээгинде көл түбүнөн эс алуучулар үчүн кооптуу болгон темир конструкция чыгарылды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул кооптуу объект мурунку пирстин чатыры болуп, ал 2 жыл мурун катуу шамалдын кесепетинен суу астына түшүп кеткен.

Көл түбүндөгү темир конструкцияны кесипкөй суучул Кубанычбек уулу Бекжан видеого тартып, социалдык тармактарга жарыялаган. Аталган маалымат коомчулукта кызуу талкуу жараткан.

Бекжандын кайрылуусу Ысык-Көл ОИИБинин жетекчилиги тарабынан эске алынып, 4-август күнү коопсуздукту камсыздоо максатында чара көрүлдү.

Ысык-Көл ОИИБинин туристтик-экологиялык милиция кызматкерлери суучул Бекжандын жардамы менен темир конструкцияны суудан алып чыгышты. Алгач темирди милициянын моторлуу кайыгынын жардамы менен жээкке жакын жерге сүйрөтүп, андан соң кызматкерлер аны өз күчү менен толук чыгарышты.

Ысык-Көл ОИИБи Кубанычбек уулу Бекжанга активдүү жарандык позициясы жана жардам көрсөткөнү үчүн терең ыраазычылык билдирет. Бул иш аракет Ысык-Көлдүн экологиялык коопсуздугун сактоого жана эс алуучулардын тынчтыгын камсыздоого багытталган маанилүү кадам болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: