Орусиянын алдынкы академиясын кызыл диплом менен бүтүргөн кыргыз жигити менен маек (видео)
Амансызбы, ардактуу окурман! Биз бүгүн сүйүнүчтүү кабар менен бөлүшөлү деп турабыз. Порталыбыздын каарманы дагы бир ийгилиги менен кубандырды. Буга чейин Орусияда "Жылдын студенти-2023" наамын жеңип алган Азирет Аманжанов бул жылы окуусун ийгиликтүү аяктап, кызыл диплом алып, алтын медаль тагынды. Биз Азирет менен "Ийгилик жаратууга дем берген жаштар" рубрикабыз алкагында маектештик. Мекендешибиз Орусияда алган билими, студенттик күндөрү тууралуу сөз кылып, чет жакта окугусу келген жаштарга өз кеңештери менен бөлүштү.
Азиреттин өмүр баяны жана кантип Орусиядагы алдынкы академияларынын бирине тапшырганы тууралуу мурунку чыгарылышта кеңири токтолгонбуз. Бүгүн болсо ийгиликтери жана келечекке пландары жөнүндө сүйлөшөбүз.
- Саламатсызбы, Азирет мырза! Кандайсыз? Былтыр эле ийгилигиңиз менен бөлүшүп кубандырдыңыз эле. Мына бүгүн дагы бир сүйүнүчүңүзгө ортоктош болуп турабыз.
- Саламатсызбы! Чоң рахмат, баары жакшы. Болгону акыркы сынактар жана бүтүрүү кечелерине даярданып, бош убакыт аз болуп, бир аз чарчап, бирок жагымдуу чарчоону сезип турган кезим.
- Орусияда жалпысынан канча жыл окудуңуз? Ал жакта билим алуу кыйынчылыкты туудурган жокпу?
- Жалпысынан 5 жыл окудум. Мурда мен эч качан чет өлкөгө чыкпагандыктан жана үйдөн алыс болбогондуктан, башында кыйын болгон: башка өлкө, чоочун адамдар, башка менталитет, маданият жана Сибирдин катаал климаты. Мындан тышкары, казармада жашоого көнүү, тагыраагы, эрте туруу, аймакты тазалоо, кезметчилик, катардык даярдык жана башкаларга көнүү талап кылынды. Бул иштердин баарын окуу жана илимий иштер менен айкалыштырууну үйрөнүү керек болчу.
Бирок, академиянын башкармалыгынын, курстун жетекчилигинин, мугалимдердин жана курсташтарымдын жардамы менен мен курсанттын жашоосуна көнө алдым. Азыр курсанттын жашоосу мага көп нерсени үйрөттү деп ишенимдүү айта алам. Мен чыйрак, тартиптүү жана адамдар менен туура мамиле жасоону үйрөндүм. Буга чейин орус тилин жакшы билгендиктен, орус курсташтарым менен тез достоштум, өзүмө шерик табуу кыйын болгон жок.
Андан тышкары, ата-энем жанымда болбогонуна карабай, дайыма мени колдоп турушту.
- Бул 5 жыл сиз үчүн кандай өттү? Окуудан сырткары коомдук иштерде да активдүүлүгүңүз бизге маалым. Окууну, илимий изилдөөлөрдү, курсанттык жашоону жана коомдук иштерди кантип айкалыштырдыңыз?
- 5 жыл окуу абдан тез өттү. Академия мага сапаттуу юридикалык билим гана бербестен, илимге болгон сүйүүмдү арттырды. 57 илимий конференция жана конкурстарга катышып, 30 байгелүү орунга ээ болуп, Орусиянын жана Кыргызстандын ички иштер министрлиги тарабынан бир нече жолу сыйландым.
Илимий конференциялар мага ой -жүгүртүүмдү кеңейтүүгө, көп аудиториянын алдында сүйлөө көндүмдөрүн алууга, сөзүмдү туура жана сабаттуу түзүүгө мүмкүндүк берди. Эң негизгиси - башка университеттердин, шаарлардын жана өлкөлөрдүн көптөгөн акылдуу, таланттуу жана окууга берилген студенттери менен тааныштым.
5 жыл бою Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Абхазиядан келген курсташтарым менен жашап келдим. Баарыбыз бирге кызмат өтөп, окуп, сүйүнүп, капаландык. Бул адамдар мага өзүнчө үй-бүлө болушту. Өзүмдүн мугалимдеримди, кураторлорумду да дос катары көрөм. Анткени алар окуу убагында көп жардам беришти. Өтүлгөн теманы түшүнбөй калсак сабактан кийин калтырып, өз убакытын аябастан түшүндүрүп беришти.
Мен Орусияга сапаттуу билим алуу максатында баргам, эч качан кызыл диплом менен алтын медалга умтулган эмесмин. Мен өзүмө жаккан нерсени гана жасадым: биринчи курстан баштап окуп, сынактарга катышып, илимий иштер менен алектендим. Мен мектептен бери талыкпай окуп, мыктылыкка умтулчумун. Ошондуктан диплом жөнүндө эч качан ойлогон эмесмин жана билим алуу үчүн окууга аракет кылчумун.
Бешинчи курсту аяктап жатканда менде бир дагы төрт болгон жок, кызыл диплом аларым билинди. Бул мен үчүн сюрприз болгон жок, мен муну көптөн бери божомолдоп келгем. Бирок алтын медалга талапкер болгонум мен үчүн чоң сюрприз болду.
Чындыгында, Орусиядагы чет элдик курсанттар эч качан алтын медаль алышкан эмес. Бул абдан кыйын. Курсант бардык сессияларды беш менен бүтүргөндөн тышкары, спортто өзүн активдүү көрсөтүү же илимдин өнүгүшүнө чоң салым кошуу керек. Жөн гана мыкты баа алуу жетишсиз.
Буга чейин чет элдик курсанттар алтын медаль алышпагандыгына байланыштуу талаш-тартыштар башталган. Бирок Орусиянын ИИМинин Омск академиясынын жетекчилиги, академиянын башчысы Буряков жана эл аралык кызматташтык боюнча академиянын башчысынын жардамчысы Митрофанов бул суроону менин пайдама чечүүгө жардам беришти. Бул үчүн мен аларга абдан ыраазымын.
- Эң сонун! Мектепте да ушундай дилгир окуучу болсоңуз керек деп ойлоп койдум. Билим алуу үчүн эмнеге Орусияны тандадыңыз эле?
- Мен мектепти да алтын медаль менен аяктап, ЖРТны жогорку баллга тапшырдым. Ошондуктан өлкөнүн көптөгөн университеттерине тапшырууга мүмкүнчүлүк болду. Бирок Кыргызстандын ИИМ академиясы жогорку жетишкендиктеги курсанттарды Орусиядагы ИИМдин университеттерине окууга жөнөтүп жаткандыгын билип туруп, мындай мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбоо керек деп чечтим. Азыр ойлонуп отуруп, мен туура чечим чыгарганымды түшүндүм.
- Чет өлкөдө окуунун кыйынчылыктарына токтоло кетсеңиз.
- Бишкекте орус тилинде окуганымдан улам, көптөгөн курсташтарымдан айырмаланып, окууга көнүү кыйын болгон жок. Бирок мен бул жерде окуу оңой болду деп айта албайм. Мугалимдер өтө катаал. Алардын сабактарына даярданыш үчүн жөн гана лекция жана китепти окуу жетиштүү эмес. Тема боюнча проблематиканы таап, ал маселелерди чечүү үчүн окумуштуулардын концепцияларын окуп чыгыш керек. Мындан тышкары, профилдик дисциплиналар боюнча мыйзамда жазылгандарды гана билүү аз. Жогорку Соттун Пленумунун токтомдорунун жоболорун үйрөнүп, мыйзамдардын жаңылануусуна дайыма көз салып туруу керек.
Мунун баары кызмат, нөөмөт жана машыгуу менен айкалыштыруу керек. Бирок академияда окуудан өткөндөн кийин, биз тартиптүү болуп, приоритеттерди белгилеп, убакытты бөлүштүрө алдык деп ишенимдүү айта алам.
- Студенттик күндөрү бош убакытта эмне менен алектенчүсүз?
- Бул суроо үчүн рахмат. Бош убактымдын көбүн илимий эмгектерди жазууга жумшадым. Академияда окуу процессине чоң басым жасалат: мугалимдер жумуш убактысынын аралыгында ар бир түшүнүксүз маселелер боюнча кеңеш берүүгө даяр. Жадакалса сабактан кийин аларга бир нерсе сурап келсең сүйүнүшөт. Академиянын окутуучулары биринчи курстан баштап жөндөмдүү курсанттарды аныктап, аларды ар кандай илимий жана конкурстук-баалоо иш-чараларына катышууга чакырат.
Биринчи курстан баштап илимий ишмердүүлүккө кызыгам. Окуумдун үчүнчү айында эле шаардагы башка университеттердеги конференцияларга катышып, байгелүү орундарды алып, илимий журналдарда жарыялана баштадым.
Экинчи курста мени курсанттардын, угуучулардын, адъюнкттардын илимий чөйрөсүнө кабыл алып, тиешелүү төш белги ыйгарышты.
2023-жылы мен Орусиянын ИИМ Омск академиясынын мыкты чет элдик угуучусу номинациясында жеңүүчү болдум, ошол эле жылдын күзүндө Омск облусунун мыкты студенти номинациясын жеңип алдым.
Студенттик кездеги эң кызыктуу сынак "Жыл студенти- 2023" болду.
- Бали! Өзгөчө эсте калган, кызыктуу күндөрүңүз менен да бөлүшө кетсеңиз.
- 4-курстан баштап социалдык тармактарда Юриспруденция тууралуу блогумду жүргүзүп жатам, анда Кыргызстандын жана Орусиянын мыйзамдары боюнча жарандарга укуктарын түшүндүрүп берем. Блог популярдуу болуп, социалдык тармактарда миллиондогон көрүүлөрдү топтоду.
Мага видео тартууга жардам берген тайпалаштарыма абдан ыраазымын. Алар менин операторлорум жана актёрлорум болушкан. Блогго видео тартуу процесси абдан күлкүлүү болгон. Күндүз тартууга убактыбыз жок болчу. Ошондуктан биз түнкүсүн жатаканадан залга качып, эч ким жокто кооз жарык коюп, видео тартканбыз. Азыр эстесем, ошол күндөрүм мен үчүн өзгөчө кызыктуу, эсте каларлык болуптур.
- Мекенге болгон сагынууну чет жакта иштеп же окуп жүргөн адам гана сезет дейт эмеспи, "мекенди сагынуу" - бул кандай? Сүрөттөп бериңизчи.
- Айтканыңыздын чындыгы бар. Омск шаарына келгенде кыргыз кинолорун көрүп, кыргыз музыкасын көбүрөөк уга баштадым. Мурда мен Бишкекте жашасам да, негизинен америкалык же орусиялык музыкаларды укчумун. Кыязы, менин кыргызча музыка уга баштаганым мекенди сагынуу болду окшойт.
Мындан тышкары, тайпалаштарым менен ай сайын кезек менен ата-энелерибизден Кыргызстандан шоро, чучук жана боорсок алдырчубуз.
Анан да "Улуттук маданияттар" фестивалына өзгөчө жоопкерчилик менен даярдандык. Ыр ырдап, кара жорго бийлеп, Манас эпосунан үзүндүлөрдү айтып берчүбүз. Биздин номерлерибиз эң мыкты болчу. Ошол учурларда мекенге болгон сагынууну кадимкидей сезчүмүн.
- Сиз Love is тасмасына да тартылган экенсиз. Кантип тартылып калдыңыз эле?
- 16 жашымда моделдик агенттикте иштей баштадым. Бир аздан кийин бул тасманын эпизодуна тартылуу сунушу түшкөн. Азыр бул эпизодду көрүп күлүп жатам. Ал кезде мен роль үчүн кичинекей элем. Дагы деле мени кантип тандап алышканын түшүнбөйм, ха-ха-ха.
- Талантыңызды байкашкан чыгар. Киного тартылуу процесси сизге жактыбы? Келечекте жакшы кинолорго тартылууга сунуш түшсө дагы тартылайын деген ойлоруңуз барбы?
- Ооба, мен киного тартылуу процессин жакшы көрчүмүн. Бул - абдан кызыктуу тажрыйба. Мындай съёмкалардан кийин өзүңүздү ишенимдүү сезе баштайт экенсиң. Келечекте эгер жакшы долбоор, жакшы ролдорго сунуш түшсө, тартылам деп ойлойм. Бирок менин билимим жок жана бул менин кесибим эмес болгондуктан, дайыма катышпайм.
Менин өзүмдүн кесибим бар. Бирок кээде актёр же модель катары чыгармачыл съёмкаларга катышкым келет. Анткени мен бир нерсеге токтоп, бир нерсени тынымсыз жасай албайм. Профессионалдык деформация болбошу үчүн өзүбүздү алаксытышыбыз керек деп эсептейм.
- Дипломуңузду колго алгандан кийин эмне кылайын деп турасыз? Келечекке койгон пландарыңызды айтып бериңизчи.
- Чынын айтсам, мен дагы деле академияны бүтүрүп, Орусиядан биротоло кетип жатканыма ишене албай жатам. Баягыдай эле бир айга Бишкекке эс алууга барып, кайра окууга келем деген ойдомун. Ошого көнүп калыптырмын.
Азырынча тергөөчү болуп иштесем керек деп ойлоп жатам. Андан кийин тажрыйба топтоп, иш чөйрөсүн алмаштырам, бирок сөзсүз түрдө Юриспруденция тармагында калам, анткени мен дал ушул тармак боюнча адисмин.
- Орусияда окугусу келгендерге кандай кеңеш бересиз?
- Сөзсүз түрдө окугула, түшүнбөй калсаңыздар, суроо бергенден тартынбагыла. Мугалимдерден керек болсо кеңеш сурагыла. Абдан активдүү болуш керек, азыр жаштар арасында чоң атаандаштык бар. Тилдерди билүү, окуу, дене-бойду чыңдоо жана ар кандай илимий сынактарга жана форумдарга сөзсүз катышуу керек.
Орусияда өкмөт жаштар илимин өнүктүрүү үчүн көп акча бөлөт. Бул мүмкүнчүлүктөрдү максималдуу пайдалануу керек. Өзүңүздү көрсөтүп, башка шаарлардан жана өлкөлөрдөн келген кызыктуу, таланттуу, акылдуу студенттер менен таанышканга аракет кылыш керек.
Окууга болгон каалооңуз жана аракетиңиз гана керек. Калган бардык шарттар түзүлгөн. Мамлекет башка шаарларга учууларга, жатаканага, тамак-ашка демөөрчүлүк кылат. Окуу учурунда бул жерде өзүн-өзү көрсөтүү жана башка адамдар менен баарлашуу боюнча баа жеткис көндүмдөрдү алууга болот.
- Эң сонун Азирет мырза! Колуңуз бошобой жатканына карабай убакыт таап маек куруп бергениңизге ыраазыбыз. Мекенге аман-эсен кайтып келиңиз!
Азирет Аманжанов

