super.kg logo

Эми кыргызстандыктар салыктар кайда кетип жатканын көрө алышат (видео)

 

Эми кыргызстандыктар салыктар кайда кетип жатканын ачык көрө алышат. Бул тууралуу бүгүн, 5-августта Салык кызматынан билдиришти.

Мамлекеттик салык кызматынын алдындагы "Салык сервис" мамлекеттик мекемеси жарандардын төлөмдөрүн кантип инфратүзүмгө же социалдык колдоого айланганын көрсөткөн интерактивдүү сервисти ишке киргизди.

"Төмөнкү шилтемеге (https://my.salyk.kg) кирип, атыңызды жана төлөнгөн салыктын суммасын жазуу керек. Андан кийин ошол акчага эмнелерди жасаса болорун, тактап айтканда, жөлөкпул төлөөдөн же бала бакчанын курулушунан баштап, "Тез жардам" унааларын алууга чейинкини көрө аласыз",- деп айтылат маалыматта.

Салык кызматы жарандарды жаңы кызматты сынап көрүүгө жана анын жыйынтыгын социалдык тармактарда бөлүшүүгө чакырат. Долбоордун максаты - салыктарды колдонуунун ачыктыгын жогорулатуу жана фискалдык тартипке аң-сезимдүү мамилени калыптандыруу экени айтылды.

Салык кызматынын өкүлүнүн айтымында, сервис элге алардын өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымынын ролун жакшыраак түшүнүүгө жана муктаж болгондорго колдоо көрсөтүүгө шарт түзөт.






видео

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: