Бир айда 1185 мас айдоочу кармалды
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы өткөргөн атайын рейд учурунда төрт апта ичинде 1185 мас айдоочу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 5-августта мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ЖКККБ жол кырсыктарын алдын алуу максатында "Рулда" деген рейдин 8-июлдан тартып 3-августка чейин өткөргөн.
Бул убакыт ичинде жалпысынан жол эрежесин бузган 86 миң 264 айдоочу аныкталды. Алардын 283ү автоээнбаштык кылганы, 1753ү каршы тилкеге чыгып айдаганы, 326сы унааны тийиштүү документи жок айдап жүргөнү, 533 айдоочу терезелерин мыйзамсыз караңгылатканы маалымдалды.
Жол эрежелерин одоно бузгандыгы үчүн 6555 унаа айып короо жайына киргизилди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:24
2025-08-05
16:9
2025-08-05

15:58
2025-08-05

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.