Орусияда дарактын түбүнөн 8 айлык наристенин сөөгү табылды

Орусиянын Березовка айылында сегиз айлык наристенин өлүмү боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу облустук башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.
Тергөөнүн версиясы боюнча, 5-августта түштөн кийин полицияга мас абалындагы аял кызынын жоголуп кеткендиги тууралуу арыз менен кайрылган. Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу барган.
Үйдү жана ага чектеш аймакты текшерүү учурунда дарактардын түбүнөн зомбулук менен өлтүрүлгөн ымыркайдын жансыз денеси табылган. Алдын ала маалыматтар боюнча, өлүмгө баш мээнин ачык жаракаты себеп болгон.
Анда ымыркай тарбияланган үй-бүлө социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлө катары каттоодо турганы көрсөтүлгөн.
Аталган факт боюнча жеринде Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренесинде каралган кылмыш белгилери боюнча (жашы жете элек баланы өлтүрүү) кылмыш иши козголду. Шектүү катары апасы кармалган.
Тергөөчүлөр окуянын бардык жагдайларын аныктоого багытталган бир катар иш-чараларды жүргүзүүнү улантышууда.


