super.kg logo

Кыргызстанда алгачкы жолу Чыңгыз Айтматов тууралуу тасма тартылат

 
Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун өмүрү жана чыгармачыл жолу жөнүндө ири көркөм тасма тартылат. Аны режиссёр жана оператор-коюучу Каныбек Калматов тартаарын Маданият министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, жазуучунун уулу Эльдар Айтматов менен тиешелүү келишим түзүлгөн.
"Жаңы тасма бала чагынан тартып дүйнөлүк аренага таанылганга чейинки Чыңгыз Айтматовдун өмүрүндөгү негизги баскычтарды камтыган толук метраждуу биографиялык драма болот. Тасма чыныгы окуяларга негизделип, көркөм көрүнүштөргө жана эмоцияга бай байопик жанрында тартылат.
Сюжеттин борборунда жазуучунун угуу укугу, идея үчүн, улуттук өзгөчөлүк үчүн күрөшү камтылган.
Фильм Айтматовдун өмүр жана чыгармачылык жолун баяндап тим болбостон, кыргызстандыктардын жаңы муунун өз кыялдарына ишенип, аларды ишке ашырууга шыктандырууга багытталган",- деп жазылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Каныбек Калматов дүйнөдөгү алдыңкы кино институттарынын бири болгон ВГИКтин (Москва) кинематография факультетинин бүтүрүүчүсү. Ал буга чейин кыргыз киносунун тарыхында эң көп киреше алып келген "Бейиш эненин таманында" тасмасынын башкы оператору катары таанылган.
Тасманын бет ачары 2026-жылга мерчемделген.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: