Ош. Митинг. Аксакалдар шайлоо комиссиясынын төрагасынан эл алдына чыгууну талап кылышууда

Ош шаарынын борбордук аянтына чогулгандардын арасынан аксакалдар мэриянын имаратына киришкен. Алар шайлоо комиссиясынын төрагасын эл алдына чыгуусун талап кылышууда. Алардын айтымында, имаратта бардык кабинеттер бекитилген жана депутаттардын бири да жок. "Шайлоо таза өтсө, эл алдына чыгып жооп беришсин" деп талаптарын айтышты.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
1

