БУУ Израилдин E1 планын айыптады
Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) башкы катчысы Антониу Гутерриш Израил бийлигине басып алынган Батыш Иорданияны экиге бөлүүнү көздөгөн планын дароо токтотууга чакырды. БУУ Башкы катчысынын басма сөз катчысы Стефан Дюжаррик тараткан жазуу түрүндөгү билдирүүдө Гутерриштин позициясы коомчулукка жарыяланды.
Маалыматка ылайык, Гутерриш өз билдирүүсүндө:
"Чыгыш Иерусалимди кошкондо Батыш Иорданиядагы Израилдин отурукташуу конуштары жана аларга байланыштуу түзүмдөр эл аралык укукту бузуу жолу менен курулган жана сакталууда", — деп белгиледи.
Ал мындай мыйзамсыз конуштар "басып алууну дагы да бекемдеп, чыңалууну күчөтөрүн" баса белгилеп, мындай кадам "эки мамлекеттүү чечим алкагында Палестина мамлекетинин жашоого жөндөмдүүлүгүн ого бетер алсыратарын" кошумчалады.
"E1 аймагындагы курулуш Батыш Иорданиянын түндүгүн жана түштүгүн бөлүп, жашоого жөндөмдүү Палестина мамлекетинин түзүлүш мүмкүнчүлүгүнө олуттуу зыян келтирет", — деди Гутерриш.
Ал Израил бийлигин бул процессти дароо токтотууга чакырды.
Эске салсак, Израилдин каржы министри Бецалель Смотрич Палестина мамлекети идеясын жок кылуу үчүн басып алынган Чыгыш Иерусалимдеги палестиналыктардын тартып алынган жерлерди кеңейткен E1 долбоорун колдой турганын билдирген.
Бул долбоордун алкагында басып алынган Чыгыш Иерусалим менен Батыш Иорданиянын палестиналыктардын тартып алынган жериндеги Маале-Адумим конушунун ортосуна 3 401 турак жай куруу пландалган.
