Сербиядагы митинг: 42 полиция кызматкери жаракат алды
Сербиядагы нааразылык акцияларынын жүрүшүндө кеминде 42 полиция кызматкери жаракат алды, алардын ичинен 26сы Белград шаарында. Бул тууралуу 15-августта республиканын ички иштер министри Ивица Дачич билдиргенин чет элдик басылмалар жазышууда.
Учурда 37 киши кармалганы белгилүү болду. Тартип сактоо органдары нааразылык акцияларына чыккандарды токтотуу боюнча чараларды улантууда.
Дачич учурда Белграддагы абал тынч экенин айтты, бирок өлкөнүн айрым башка аймактарында дагы деле полиция кызматкерлерине жана Сербиянын прогрессивдүү партиясынын (СПП) имараттарына кол салуулар уланууда.
Сербиянын президенти Александр Вучич кечээ, 14-августта билдиргендей, нааразылык акцияларында митингге чыккандар СППнын кеңсесин талкалашкан. Ал ошондой эле мамлекет өз милдетин сөзсүз аткарат жана нааразылык акцияларын токтот деп ишендирди.
Ошол эле күнү Аскердик коопсуздук агенттигинин директору Джуро Йованич билдиргендей, башаламандыктын айынан жети аскер кызматкери жаракат алып, алардын төртөөсүнүн абалы оор.
Өкмөткө баршы нааразылык акциялары 2024-жылдын ноябрында Нови-Сад шаарындагы темир жол бекетинин урап түшүп,15 адамдын каза болушунан кийин башталган. Нааразылыкка чыккандар көпүрөлөрдү жана жолдорду тосуп салышкан.
