super.kg logo

Түркия Сирия армиясына курал-жарактарды, аскердик жабдууларды берет

 

Түркия Сирияга курал-жарак, аскердик жабдуулар жана материалдык-техникалык жардам берет. Бул коргонуу жаатында кол коюлган келишимдин алкагында ишке ашат.

Чет элдик ЖМКлары билдиргендей, бул билдирүү Түркиянын коргоо министри Ясар Гюлер менен Сириянын коргоо министри Мурхаф Абу Касра аскердик даярдык жана кеңеш берүү жаатында өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол койгондон бир күн өткөн соң жасалды. Бул келишим Түркиянын Сириянын убактылуу өкмөтүнө көрсөткөн колдоосун күчөтөт.

Өткөн айда Дамаск Анкарага кайрылып, диний негизде күчөгөн зомбулуктан жана Израилдин кийлигишүүсүнөн кийин коргонуу мүмкүнчүлүктөрүн бекемдөөгө жардам сураган.

Түркиянын коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, келишимдин алкагында Түркия өзүнүн билимин жана тажрыйбасын бөлүшүп, аскердик жабдууларды, курал системаларын жана башка керектүү материалдарды жеткирмекчи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: