super.kg logo

Англияда мектеп окуучусу BBC'нин түз эфиринде медианын өзүн Газадагы геноцидге айыптады

 

Англиянын Ливерпуль шаарында BBC телеканалынын түз эфиринде бир мектеп окуучусу Газадагы геноцидди токтотууга чакырып, медиакомпанияны "геноциддин шериги" деп айыптады. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазышты.

Маалым болгондой, бул окуя университетке кирүү үчүн өткөрүлгөн сынактын жыйынтыгы жарыяланган күнү болгон.

"Эркин Палестинага жасалып жаткан геноцидди токтоткула. BBC алардын шериги",- деп билдирди окуучу BBC'нин түз эфириндеги маекте.

Алып баруучу бир аз таң калган соң анын сөзүн бөлүп:

"Биз азыр сынак жыйынтыктары жөнүндө сүйлөшүп жатабыз. Газа таптакыр башка тема",- деп жооп берди.

X социалдык тармагында көптөгөн колдонуучулар окуучуну кайраттуулугу үчүн куттуктап, аны "коркпогон" жана "акылдуу" деп мүнөздөштү. Алар бул окуя адамзаттын дагы деле жакшы келечекке болгон үмүтүн сактап турганын белгилешти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: