super.kg logo

Путин менен Трамптын жолугушуусу кандай багытты көздөдү? Жолугушуунун жыйынтыгы (видео)

 

Аляскадагы Анкоридж шаарында Орусия лидери Владимир Путин менен АКШ президенти Дональд Трамптын сүйлөшүүлөрү аяктады.

Чет элдик басылмалар белгилегендей, жолугушуу 2 саат 45 мүнөткө созулуп, "үчкө үч" форматында өттү.

Мамлекет башчыларынан тышкары, Орусия тараптан тышкы иштер министри Сергей Лавров жана президенттин жардамчысы Юрий Ушаков катышты. Америка тараптан мамлекеттик катчы Марко Рубио жана атайын өкүл Стив Уиткофф болду.

Сүйлөшүүлөрдөн кийин эки өлкөнүн лидерлери биргелешкен басма сөз жыйынын өткөрүштү.

Путин:

- Орусия Украинадагы кырдаалды узак мөөнөттүү жана туруктуу жол менен жөнгө салууга кызыкдар.

- Орусия менен АКШ жакын коңшулар. Москва менен Вашингтондун кызматташууга кайтуусу маанилүү. Эки өлкөнүн биргелешип иш алып барууга көптөгөн кызыктуу багыттары бар. Бет ачып, кызматташууга кайтуу керек.

- Орусия "Украинанын коопсуздугу камсыз болушу керек" дегенге макул жана бул боюнча иштөөгө даяр. Москва Киев жөнгө салууда пайда болгон оң жылыштарга тоскоолдук кылбайт деп үмүт кылат.

- Орусия АКШ саммитинде эки тарап тең жыйынтыкка жетүүгө умтулду. Москва Трамптын администрациясы Украинадагы кризисти жөнгө салууга көмөктөшүүгө кызыкдар экенин көрүп турат.

- АКШга жаңы администрация келгенден бери Орусия менен товар жүгүртүүнүн көлөмү 20%га өстү.

Трамп:

- Украина маселеси боюнча "эң маанилүү пунктта" Орусия менен азырынча макулдашуу жок, бирок тараптардын "макулдашууга жакшы мүмкүнчүлүгү" бар.

- Келечекте АКШ менен Орусиянын ортосунда жемиштүү жолугушуулар өтөт деп үмүттөнөт.

- Путин да Украинадагы жаңжалды токтотууга өзү сыяктуу эле кызыкдар деп эсептейт.

- Путиндин командасын билерин, алар дээрлик "башчысындай эле популярдуу" экенин айтты.

Трамп жыйында бардык катышуучуларга, уюштуруучуларга ыраазычылык айтып, Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавровду алкады. Ал эми Путин кийинки жолугушуу Москвада болорун билдиргенде, Трамп каршы эместигин билдирди.






Путин жана Трамптын басма сөз жыйыны

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: