super.kg logo

Телефондорду IMEI-коддор боюнча каттоо мамлекеттик компанияга тапшырылды

 

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Жарлыгына ылайык, Министрлер Кабинети мобилдик түзмөктөрдү идентификациялоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу токтом кабыл алды. Бул чечим – жөн эле техникалык чара эмес, бул санариптик көз карандысыздыкты бекемдөөгө, жарандардын жеке маалыматтарын коргоого жана улуттук коопсуздукту камсыздоого багытталган стратегиялык кадам болуп саналат.

Мобилдик түзмөктөрдү каттоонун корголушу жана ишенимдүүлүгү

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мобилдик түзмөктөрдү идентификациялоо боюнча мамлекеттик санариптик технологиялык тутумдун координациялоочу органы жана ээси болуп дайындалды. Системанын оператору болуп «Кыргыз мобилдик каттоо борбору» ЖЧКсы аныкталды.

КМКБ GSMA маалымат базасын кармоочу болуп саналат. GSMA маалыматтар базасы –

GSMA уюму (Мобилдик байланыштын глобалдык системасы) тарабынан жүргүзүлүүчү эл аралык реестр болуп саналат жана дүйнө жүзү боюнча уюлдук тармактарда колдонулган мобилдик түзмөктөр, SIM-карталар жана идентификаторлор жөнүндө расмий маалыматты камтыйт.

КМКБ менен GSMA эл аралык уюмунун кызматташуусу мобилдик түзмөктөрдү каттоонун тактыгын жана ылдамдыгын жогорулатууга мүмкүндүк берет, жасалма түзмөктөрдөн жана мыйзамсыз ташып кирүүдөн коргоону камсыз кылат, ошондой эле уурулук жана алдамчылык менен натыйжалуу күрөшүүгө өбөлгө түзөт. Эл аралык реестрге жетки алуу жарандардын жеке маалыматтарынын купуялуулугун сактоо менен улуттук каттоо тутумунун эл аралык стандарттарга шайкеш келишине кепилдик берет.

Маалыматтык берилиштердин коопсуздугу – биринчи орунда турат

Реформанын негизги себеби – IMEI-коддору аркылуу уюлдук телефондорду каттоо боюнча ыкчам жана сапаттуу кызмат көрсөтүүнү, ошондой эле жарандардын жеке маалыматтарын кепилденген коргоону камсыз кылуу зарылдылыгы болуп калды. Буга чейин системанын ишинде, калктан процедуралардын узак мөөнөткө созулушуна жана ыңгайсыздыгына, ошондой эле жеке маалыматтарды үчүнчү жактарга же чет мамлекеттерге өткөрүп берүү мүмкүндүгүнө тынчсыздануу менен байланышкан көптөгөн кайрылуулар түшүп турган. Эми бардык процесстер өлкөнүн ичинде топтолуп, үзгүлтүксүз аудит жана коопсуздук боюнча текшерүүлөрдөн өтүп турат. Каттоо тутуму киберкоопсуздуктун жогорку стандарттарына шайкеш келүү үчүн ыӊгайлашып жана оптималдаштырылып турат.

Бардык кемчиликтер эске алынды. Жаңы тутум – алдыга кадам

Эмнелер өзгөрдү?

• Ишеним телефону 10 эсе кубаттуу болуп калды

Буга чейин каттоо тутумуна болгон негизги даттануулардын бири, колдонуучуларды жетишсиз колдоо болгон. Азыркы учурда бул маселе чечилди: байланыш борбордун иши он эсеге кеңейтилди. Операторлор жарандарды көпкө күттүрбөстөн, мамлекеттик жана расмий тилдерде консультация берип, жаралган маселелерди ыкчам чечүүдө.

• Өлкө боюнча 80ден ашык тейлөө кеңселери

MEGA мамлекеттик уюлдук оператору «KМКБ» ЖЧКсынын өнөктөшү болуп саналат жана бүткүл өлкө боюнча сатуу жана тейлөө кеңселеринде IMEI-коддорду каттоо боюнча консультациялардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу менен долбоорго масштабдуу инфратүзүмдүк колдоо көрсөтөт. Бүгүнкү күндө Кыргызстандын бардык аймактарында жарандар үчүн MEGAнын 80ден ашык түйүндөрү иштейт, аларда каттоо процедурасына 5 мүнөткө жетпеген убакыт сарпталат жана бюрократиялык формалдуулукту талап кылбайт.

• Эл аралык деңгээлдеги адистер

Кызматкерлер курамы эл аралык стандарттар боюнча комплекстүү окуудан өтүштү. Маалыматтык коопсуздукка, жеке маалыматтарды коргоого жана кардарларды тейлөө этикасына өзгөчө көңүл бурулду. Кадрларды даярдоо – ар бир этапта сапаттуу тейлөөнүн кепилдиги болуп саналат.

• 5 мүнөттө каттоо – эч кандай кезек күтүүлөр жок

Жаңы процедура бюрократиядан толугу менен арылган. Бардык процесстер автоматташтырылган жана корголгон, ошондой эле «Түндүк» мамлекеттик платформасы менен интеграцияланган, бул катачылыктар болуу же маалыматтардын жоголуу мүмкүндүгүн жокко чыгарат.

• Баасы төмөндөтүлдү: каттоо жеткиликтүү болуп калды

Мамлекеттик мамиле коммерциялык кошумча бааларды жоюуга жана кызмат көрсөтүүнү бүтүндөй калк үчүн жеткиликтүү кылууга мүмкүндүк берди. Төлөмдүн жаңы ыкмалары киргизилди: бирдиктүү QR-код, банктык карталар (Элкарт, VISA, MasterCard, UnionPay), ошондой эле MegaPay мобилдик колдонмосу аркылуу төлөө.

Каттоо – бул жөн эле формалдуулук эмес

Мобилдик түзмөктү IMEI-коду менен каттоо – тактыкты, көңүл бурууну жана ачык-айкындуулукту талап кылган жандуу, дайыма жаңыланып туруучу процесс.

Ал сизге төмөнкүдөй мүмкүнчүлүктөрдү берет:

  • менчик ээлерин уурулуктан жана жасалма түзмөктөрдөн коргоо;
  • смартфондордун жана техникалардын рыногун көбүрөө ачык-айкын кылуу;
  • «боз» жана мыйзамсыз түзмөктөрдү аныктоо жана колдонууга бөгөт коюу;
  • укук коргоо органдары менен биргеликте алдамчылык жана киберкылмыштуулук менен күрөшүү.

Мамлекеттик идентификациялоо тутуму керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоого, бардык коопсуздук чараларын сактоого жана уюлдук телефондордун эл аралык сапат стандарттарына жооп беришин камсыздоого багытталган.

Колдонуучу эмне алат?

  • Коопсуздук кепилдигин – укук коргоо органдары катталган түзмөктөрдү гана таба алышат.
  • Ачык-айкындуулук жана мыйзамдуулук – бөгөт коюу коркунучу болбостон техниканы мыйзамдуу колдонуу.
  • Ыңгайлуулук – жакынкы кеңседе тез каттоо.
  • Колдоо – өнүккөн тейлөө тармагы жана каалаган убакта кесипкөй кеңеш.

Мунун баары каттоону түйшүктүү милдет эмес, өзүнүн коопсуздугун жана технологияны колдонуунун мыйзамдуулугун баалаган ар бир адам үчүн пайдалуу жана логикалык кадам кылат.

12-августта Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин, Каржы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын жана Мамлекеттик бажы кызматынын өкүлдөрү менен уюлдук телефондорду импорттоочуларынын жолугушуусу болуп өттү. Иш-чаранын алкагында «КМКБ» өкүлдөрү IMEI-коддорду каттоо боюнча жаңы сервистин бет ачарын өткөрүштү, ошондой эле суроолорго жооп беришти.

Кыргызстан өзүнүн технологияларынын, адистеринин жана чечимдеринин пайдасына аң-сезимдүү тандоо жасайт. Бул өлкө экономикасын чыңдоодон тышкары, жарандардын санариптик процесстерге ишенимин жогорулатат. Каттоодон өткөн ар бир телефон – өлкөнүн санариптик коопсуздугуна салым, тартип укугун бекемдөө жана Кыргызстандын технологиялык келечегин өнүктүрүү.

Толук маалымат алуу үчүн +996 (997) 997 997 телефон номери аркылуу байланыш борборго чалууга, ушул эле номер боюнча WhatsApp мессенжерине жазууга же консультацияга М.Фрунзе көч. 393А дарегине кайрылууга болот. Ошондой эле IMEI-коддор менен телефондорду каттоо боюнча консультация MEGA мамлекеттик уюлдук байланыш операторунун бардык кеңселеринде жеткиликтүү экенин эскертебиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: