Ысык-Көл районунун акими Жапарбек Ормонов коррупцияга шектелүүдө
Ысык-Көл районунун акими Жапарбек Ормонов кармалды. Ал коррупцияга шектелип кармалгандыгын бүгүн, 18-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тастыктады.
Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 40-беренеси (Кылмышты аткаруучу), 336-беренесинин 2-бөлүгү (Уюшкан топтун, кылмыштуу коомдоштуктун кызыкчылыгында жасалган же оор залал алып келген ошол эле жосун) менен айыпталп жаткандыгын маалымдалды.
Район жетекчиси 4-сентябрга чейин камакка алынды.
Эскерте кетсек, Жапарбек Ормонов Ысык-Көлдүн акими болуп 2023-жылдын август айында дайындалган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.