super.kg logo
  Саясат  

Эрулан Кокулов: “Таракан” кубалап жүрүп депутат болгом”

 

Жогорку Кеңештин депутаты Эрулан Кокулов "Таракан" кубалап жүрүп депутат болгон" деген сөзгө терикпей турганын айтты. Бул тууралуу эл өкүлү SUPER.KG порталына берген маегинде билдирди.

"Таракан" кубалап жүрүп депутат болгом. Бирок мен аны өзүм үчүн кубалаган эмесмин да, аны элим үчүн кубалагам да. Ооба, туура эле айткан. Элим үчүн "таракан" кубалап жүрүп, анан элим мага "ушул бала биз үчүн таракан кубалап жүрөт" деп ишеним көрсөтүп, мени шайлаган", - деди Кокулов.

Маекти толугу менен SUPER.KG порталынын Ютуб каналынан көрө аласыз.

Эске салсак, былтыр күзүндө социалдык тармактарда депутат менен Токмок шаарынын ошол кездеги мэри Максат Нусувалиев тирешкен видео тараган. Аны Кокулов бөлүшүп, Токмок шаарына жарандардын көйгөйүн угуу үчүн барганын айткан. Видеодон эл өкүлү алгач калаа башчысынын иш бөлмөсүнө барып, маселени талкуулаганы экөө чогуу жерине келгенин, жеринде алардын ортосунда пикир келишпестик жаралып, кайым айтышканын көрүүгө болот.

Андан соң Эрулан Кокулов SUPER.KG порталына Максат Нусувалиев менен чырдаша кеткени боюнча комментарий берген. Ага Нусувалиев жооп кайтарып, окуянын чоо-жайын түшүндүргөн. Ошондой эле ал "таракан" кубалап жүрүп депутат болгон киши ага баа бере албай турганын айткан.








Видео

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: