"Росатомдун" башчысы Кыргызстан чакан атомдук электр станция куруу долбоорун кабыл аларына ишенет
Орусиянын "Росатом" корпорациясынын башчысы Алексей Лихачёв Кыргызстан Москванын чакан атомдук электр станциясын куруу боюнча долбоорун кабыл алары жөнүндө ишенимин билдирди.
"Бүгүнкү күндө Кыргызстан бул станцияны куруу сунушун кароодо. Бул долбоор өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө чоң түрткү берет.
Биз азыр, айтсак, "нөлүнчү кадамда" турабыз. Кыргызстан биздин сунуштарды – 300 мегаватттык чакан модулдук станция жана анын жайгашуу жерин изилдеп жатат. Бул жерде сейсмикалык активдүүлүк бар, бирок биз мындай шарттарда иштегенди билебиз.
Мындай станция Кыргызстанда ишке берилгенден кийин ал сөзсүз түрдө өлкө экономикасын өнүктүрүүдө абдан күчтүү түрткү болот: энергетикалык камсыздоо, кадрларды даярдоо, билим берүүнүн сапаты, жаңы жумуш орундарын түзүү жагынан. Менимче, бул чечим жакын арада кабыл алынат", - деп түшүндүрдү Лихачёв.
Ошондой эле ал корпорация Кыргызстандагы долбоорлорго берилген колдоого абдан шыктанып жатканын белгиледи. Негизги флагмандык багыт — бул мурдагы уран калдыктары сакталган жайларды рекультивациялоо. Мындан тышкары алдыда шамал электр станцияларын өнүктүрүү, чакан атомдук станциялар жана ядролук медицина жаатында да иштер күтүлүүдө.
