Трамп Чикаго менен Нью-Йоркто кылмыштуулукка каршы күрөш жүргүзүлөрүн айтты
АКШнын президенти Дональд Трамп Вашингтондон кийин Чикаго жана Нью-Йоркто кылмыштуулукка каршы күрөштү күчөтүү үчүн федералдык өкмөттүн ресурстарын, анын ичинде армияны пайдаланууга даяр экенин билдирди.
"Биз кадимки аскерий күчтөрдү колдонууга аргасыз болгон жокпуз. Эгер керек болсо, биз буга даярбыз", - деди америкалык лидер жума күнү Ак үйдө журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.
"Менимче, Чикаго биздин кийинки пунктубуз болот. Анан биз Нью-Йоркко жардам беребиз", - деп кошумчалады ал.
11-августта Трамп кылмыштуулукка каршы күрөшүү үчүн Улуттук гвардиянын аскерлерин Вашингтонго өткөрөрүн жарыялаган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:58
2026-02-19
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















