Футболчу Эмил Кенжесариевди сабаган Казакстандын жараны 3 жылга кесилди

Белгилүү футболчу Эмил Кенжесариевди сабаган деген шек менен кармалган Казакстандын жараны 20 жаштагы Бейбит Узакбай 3 жылга кесилди. Бул тууралуу кечээ, 15-январда казакстандык маалымат булактары кабарлады.
Маалыматка ылайык, түнкү клубдардын биринде күзөт кызматында иштеген Бейбит Узакбай соттук отурумда күнөөсүн моюнуна алып, бирөөнүн ден соолугуна оор залака келтиргендиги үчүн 3 жылга кесилди. Соттун чечими жакынкы 15 күн ичинде күчүнө кирет.
Эске салсак, футболдук ишмердүүлүгүн Кыргызстанда баштап, кийин казакстандык “Актөбе” клубунда ойногон Эмил Кенжесариев 2013-жылы 11-августка караган түнү Алматы шаарында оор абалда ооруканага жеткирилген. Комада жаткан футболчунун баш сөөгү кесилип, дароо операция жасалган. Ага акыркы операция Израилде жасалып, жыйынтыгы жакшы экени маалымдалган. Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:34
2025-07-02
18:15
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
acer11

16.01.2014. 15:28
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эмнеге аз убакытга камады.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.