super.kg logo

Ирактагы жардыруулардан бир күндө 73 адам набыт болду

 

Иракта 15-январда болгон бир нече жардыруудан 73 адам набыт болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты. 

Маалыматка ылайык, Багдад шаарында 9 автоунаа жарылып, 37 адам мерт болду. Жардыруулар ар кайсы райондо болгон жана полиция Багдадда дагы 4 жардырууну алдын ала токтотууга мүмкүнчүлүк болгонун айтышкан. 

Мосул шаарындагы теракттан 13 адам каза тапса, алардын 9у аскер адамдары болгон. Ошондой эле Мукадия шаарында кирпич чыгаруучу заводдун 7 кызматкери атылган. 

Мындан сырткары Дияла провинциясында “Сахва” кыймылынын лидерлеринин бирин жерге берүү зыйнатындагы жардыруудан 16 адам каза таап, 20 адам жаракат алган. “Сахва” кыймылы “Аль-Каида” сыяктуу радикал уюмдарга каршы күрөшүп келген. 

2013-жылы Ирактагы диний жана саясий багыттагы жардыруулардан 6 000ден ашуун адам набыт болгон. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: