Жер титирөөгө карата бир катар курулуш объектилери текшерилди
Кечээ, 12-сентябрда Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги жер титирөө болгондугуна байланыштуу бир катар курулуш объектилеринин абалы текшерди. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Текшерүү министрликке караштуу Курулуш башкармалыгынын жетектөөсү менен Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун жана Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин адистери тарабынан жүргүзүлдү.
Иш-чаранын алкагында борбор калаада курулуп жаткан көп кабаттуу турак үйлөрдүн, социалдык объектилердин абалы жана негизи конструкциялары каралды. Натыйжада, курулуп жаткан объектилерде кооптуу учур катталбагандыгы, жарака же кандайдыр бир өзгөрүлгөн элементтердин жоктугу аныкталды.
Эске салсак, кечээ Бишкек, Чүйдө магнитудасы 4,2ге жеткен жер титирөө катталды. Бишкектеги силкинүүнүн магнитудасы 4кө жеткен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:52
2025-09-13

19:00
2025-09-12
18:9
2025-09-12
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.